Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 31 жыл
2023-жылдын 3-мартында К.Шопокова атындагы №3 орто мектеп-лицейинде Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгы белгиленип, иш-чарага мектептин жалпы жамааты активдүү катышты. Бардык класстарда класс жетекчилер тарабынан туу күнүнө карата класстык сааттар өтүлдү. Класс жетекчилер окуучуларга туунун ыйыктыгы, анын өлкөнүн эгемендүүлүгүндөгү ролу туурасында кенен маалыматтарды беришти. Окуучулар болсо өздөрү билген маалыматтар менен бөлүшүп, туунун сүрөттөрүн тартышып, ал жөнүндө көркөм ырларды айтып беришти.
Комментарии